Биз жөнүндө

Мектептин тарыхы

Өзгөн районундагы №78 Молдошбай Жолдошалиев атындагы орто мектебинин маалыматы

Өзгөн районундагы №78 Молдошбай Жолдошалиев атындагы орто мектебинин имараты 1989-жылы Айыл өкмөттүн конторасы болуп бетондон салынган.

Жаңы-Айыл элинин муктаждыгына ылайык, айылда мектеп жок болгондугуна байланыштуу 1993-1994-окуу жылында Молдошбай Жолдошалиев атындагы толук эмес негизги билим берүүчү, ал эми 1997-1998-окуу жылында жалпы билим берүүчү мектеп болгон. 25 орундуу ашкана “ашар” жолу менен салынган. Атайын мектеп деп салынбагандыгына байланыштуу, окуучулар үчүн эч кандай шарт түзүлбөгөндүктөн, мектеп ар кандай проекткр менен, айыл өкмөтү, демөөрчүлөр  менен иштешип, спорт аянтча, даараткана салынып, мектептин чириген полдору, жылытуу системасынын 2 печкасы жаңыланды,  инвентарлар алынды (шкафтарды, стол стулдарды), техникалык каражаттарды (6 даана компьютер, 1 проектор, 6 телевизор, DVD), ашканага муздаткыч, идиш аяктар алынды.

 

Мектеп сыз, муздак, класстык кааналары тар, окуу класстары, кабинеттер жетишсиз, спорт залы жок болгонуна байланыштуу 2015-жылы жаңы мектепке проект жасалып, 2017-жылдын июль айынан жаңы мектептин курулушу Кыргыз мамлекетинин бюджетинин эсебинен эки кабаттуу, 275 орундуу, спорт залы менен курулуп башталды да, 2018-жылдын декабрында толук шарты менен бүткөрүлдү.

2018-жылдын 6-декабрынан жаңы мектепте жаңы күч, жаңы дем менен жаңыча окуу башталды.

Мектептин ички жасалгалары учур талабына ылайык мектеп жамааты, демөөрчүлөр жана айыл өкмөтү тарабынан жасалгаланды.

Предметтик кааналар (кыргыз тили-1, орус тили-1, чет тили-1, математика-1, тарых-1, информатика-1, физика-1, АЧД каанасы-1, химия-1, биология-1, эмгек каанасы-1, китепкана-1, окуу залы (30 орундуу)-1, башталгыч класстар каанасы-5, медкабинет-1, метод кабинет-1, ОББсынын кабинети-1, мугалимдер каанасы-1, техникалык кызматкерлердин каанасы-1, спорт зал кийим алмаштыруу каанасы жана душ ысык-муздак суу аристону менен, кароолдун каанасы-1, инвентар каанасы-1, архив-1, мектеп ичинде 8, сыртта 10 адамдык даараткана, мектеп ичинде 10 раковина, сыртта 6 кол жуучу жай, 60 орундуу ашкана, (4 көздүү плита, муздаткычы менен, шкафтары, идиш-аяк жуулуучу жайы ысык-муздак суу аристону менен) бар.

 

Татыктуу муунду тарбиялоодо, окуу-тарбия иштерин жигердүү алып барууда 2022-2023-окуу жылында мектеп жамаатында 23 мугалим, анын ичинен жогорку билимдүүсү-18, атайын ортр-1, бүтпөгөн жогорку-1 мугалим ошондой эле “ Эл агартуунун мыктысы”-5 мугалим, 9 техникалык кызматкерлер талыкпастан эмгектенишүүдө.

     Мектептин окуу-тарбия иштери боюнча:   Окуу бөлүм башчысы жылдык, айлык, жумалык пландарды түзүп, ал боюнча иштерди жүргүздү. Мугалимдердин тиешелүү документтери жолго коюлуп, предметтик жана класстан тышкаркы сабактардын жадыбалдары профком менен макулдашылып түзүлөт.

Иш кагаздарын, документацияларды, журналдарды, класстык журналдарды туура иштөө, туура толтуруу максатында семинарлар өткөрүлдү.

Август отчету, ОШ-1, чейректик отчеттор, статистикалык отчеттор убагында тапшырылды, ЖОЖго тапшырган окуучулары, мектеп комплектованиеситакталып убагында тапшырылды.

Мисалы, ай сайын предметтик декадалар, класстарга коюлган ички көзөмөл боюнча текшерүүлөр өз убагында өтүп, жаш адистер менен насаатчылардын иштөөсү жолго коюлуп, план боюнча аткарылган иштердин жыйынтыгы чыгып турат. Мугалимдер ачык сабактарын белгиленген убакытта өтүп, аткарган иштерин портфолиого тиркешет, алдыңкы мугалимдер тажрыйбаларын мектепте, райондо, республикага семинар, гезит журналдар аркылуу  жайылып турат.

Окуучулардын арасында билимдерин текшерүү максатында усулдук бирикменин иш чарасына ылайык “Акыл ордо”, “Акылдуу балдар”, “Акылдуу кыздар” жана “Билерман ордо” сынагы уюштурулуп, окуучулардын билим деңгээли текшерилип, алардын кызыгууларын, билгичтиктерин, тапкычтыктарын, шамдагайлуулуктарын арттырышууда.

Окуучулар арасында “олимпиадалык топтор” түзүлүлүп, жыл ичи жумуштар аткарылды, мектептик олимпиадалар өтүп, жеңүүчүлөрү өкмөттүк, аймактык, райондук турларга катышат.

Жалпы республикалык тестирлөөгө катышып, жогорку балга жетишип, жогорку окуу жайларга тапшырып окуп жатышат.

 

Мектептин жетишкендиктери:

(республикалык олимпиаданын натыйжасы, проекттер конкурсу, спорттук жетишкендиктер, “Жылдын мыкты мугалими” республикалык деңгээлде ж.б)

М.Жолдошалиев атындагы орто мектеби предметтик олимпиадаларда жана ар кандай класстан жана мектептен сырткаркы иштерге төмөндөгүдөй көрсөткүчтөрдү көрсөтүп турат.

  Предметтик олимпиадаларда-аймактык олимпиадаларга  ар бир предмет боюнча бирден окуучу катышып, зоналык, райондук олимпиадаларга жолдомо алышат.

2018-2019-окуу жылында кыргыз тили жана адабиятынан аймакта 9-класстын окуучусу Туйгун кызы Асел 3-орунду, 11-класстын окуучусу Туйгйн кызы Гулиза 3-орун, орус тилинен аймакта Камбаров Анарбек 1-орун, райондо 2-орунду,

2019-2020-окуу жылында Туйгун кызы Асел 1-орун, Абдашим кызы Мээрим 2-орун райондо кыргыз тили жана адабиятынан ээлеген.                                                                                                                                    2020-2021-окуу жылында химиядан,                                                                                                                                                 2021-2022-окуу жылында химия предметинен зонадан чыгып, райондо 4-орунга, информатика предметинен зонадан чыгып, райондук турга катышкан.                                                                          

ЖТРде:

2017-жыл Абдашим кызы Аида 162 балл, 2018-жылы Туйгунбек кызы Гулиза 136 балл,

2020-жыл Туйгунбек кызы Асел 154 балл, 2021-жыл Балтабай к.Диана 162 балл, 2022-жылы Жолдошова Венера 166 баллга жетишти.

ЖРТ орточо балл  2020-жыл 109 балл, 2021-жылы 111 балл, 2022-жылы 119 балга жетти.

   Класстан тышкаркы иштерде – 2017-2018-окуу жылында  КРнын Президентинин “2018-Аймактарды өнүктүрүү жылы” жарлыгына ылайык Өзгөн райондук “Манас жаштары” уюмунун иш-планынын негизинде райондун алкагындагы мектептерде окуучулар арасында АЧД сабагы боюнча айыл өкмөттүк-зоналык жана райондук “Ата Мекен-Милдет-Намыс-2018” аскердик-спорт мелдешинде айыл өкмөттүк-зоналык жана райондук турларда 1-орунду М.Жолдошалиев атындагы орто мектебинин “Бүркүт” командасы багындырышты жана бул иш чара мамлекеттик маалымат каражаттарында б.а. КТР теле каналынан чагылдырылып, АКИпресс маалымат каражаттарынан жарыяланды.                                                                                                                                                             2022-2023-окуу жылында “Милициянын жаш досу” сынагына катышып, активдүүлүгүн көрсөтүп грамота менен, “Мен Кыргызстандык экениме сыймыктанам” сынагында Мирбек к.Аккыз 2-даражадагы дипломго ээ болду.

Мектепте өзүн-өзү башкаруу уюмунун президенти 11-класстын окуучусу Асылкерим уулу Нуртилек “Жашстан” жаштар уюмуна мүчө болуп, республикалык деңгээлде өзүнүн пикирин билдирди жана өзү идея көтөрүп, окуучуларга акция уюштуруп, жыйынтыгында 5000 сом акча чогулуп, мектепке 6 таштанды салынуучу ящиктерди жасатып коюга жетишти.

        Мектептин социалдык абалы боюнча:

Күбөлүгү жок 3 окуучуга үч жыл ичинде күбөлүк алынып берилди.

Айыл өкмөткө билдирүү берилип, аз камсыз үй бүлөнүн балдарына жана жарым тоголок жетим балдарга кийим кече тарабынан жардамдар берилди, мектепте 1-октябрь карылар күнүнө карата “Карысы бардын — ырысы бар”-аттуу акция өткөрүлүп карыяларга жагымдуу маанай менен белек-бекчектер берилди жана 3-декабрь “Мүмкүнчүлүгү чектелгендер” күнүнө карата окуучулар арасында акциия өткөрүлүп, акчалай жардам 8-класстын окуучусу Норузбаев Даниярга, 4-класстын окуучусу Тойгонбаев Майрамбекке жылда жардам берилет. Ошондой эле окуучуларга “Кылмыштуулуктун, рекетчиликтин, зордук-зомбулуктун, аркандай виртуалдык оюндарга, диний агымдарга азгырылуунун, суициддин, таксономиянын, ар кандай жугуштуу оорулардын алдын алуу” максатында ар дайым соцпедагог тарабынан ИДН, ата-эне, коомчулук менен биргеликте түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

       Укук бузуу

         Укук бузуулар жок.